Бишкекте дем алууга мүмкүн болбой калды (видео)

806

МувГрин коомдук бирикмеси ушундай аталыштагы флешмоб баштады. Анда жарандар Бишкекти каптаган кара түтүндү тартып, интернетке жайгаштырса болот. Демилгечилер ушундай жол менен аткаминерлерди экологияга келтирилген коркунучка көңүл бурдурууну көздөшүүдө.

Адистердин айтымында, Бишкекте аба нормадан 6 эсеге көп булганган. Алсак, Казакстанда, Белорусь, Россияда максималдуу чек 300 болсо, бизде көрсөткүч 860га чейин жеткен. Ал арада борбор калаада жарандык активисттер булганыч аба үчүн тиешелүү тарапты сотко берүүгө камынууда.