Бишкекте диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

787

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү — ШКУга кирген мамлекеттердин атайын кызматтары тарабынан изделип жаткан. Ал экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасаганы үчүн эл аралык издөөгө алынган.

Колго түшкөн 41 жаштагы адам кайсы өлкөнүн жараны экени кабарланган жок. Учурда аны менен байланышы бар адамдарды издөө иштери жүрүп жатат.