Бишкекте Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси болду

3281

Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечесинде автордун «Даанышман» деп аталган беш томдук китебинин бет ачаары өттү. Иш чарага депутаттар, акын-жазуучулар жана бир катар чыгармачыл адамдар катышты. Беш томдук эмгек Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонду тарабынан басып чыгарылган.

Белгилүү кинорежиссёр, акын жана прозачы, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 70тен ашык даректуу, 16 көркөм тасманын, сегиз китептин автору.

Кыргыз эл баатыры, Кыргыз Эл артисти Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда оорудан улам каза болгон.