Бишкекте дүйнөнүн мыкты көз боочулары шоу тартуулашат (видео)

908

Жаныбарды адамга, кишини канаттууга айлантуу сыяктуу көпчүлүк күтпөгөн номурлар. Тогуз өлкөнүн көз боочулары Бишкекке чогулушууда. Аялдардын майрамына карата борбор калаада Борбор Азия боюнча биринчи жолу уюштурулуп жаткан шоу-программа тартууланат. Ага алыскы АКШ, Африкадан тарта, коңшу өлкөлөрдөгү сыйкырчыларга чейин катышат. Азырынча көз боочулар көп номурларын көрсөтпөй, колдонулчу реквизиттерин да катып коюшкан. Эң башкысы, шоу-программага келгендерди таң калтырчу сыйкырлуу номурлар көп дешет.