Бишкекте дүкөн тоноого шектелген 24 жаштагы жигит кармалды

4527

Бишкекте «Народный» дүкөнүн тоноого шектелген 24 жаштагы жигит кармалды. Окуя Асанбай кичи районунда болуп, бет кап тагынган адам тапанча менен дүкөнгө кирип, шыбына атып, кассадан 30 миң сом алып, качып кеткен.

Аталган факты «каракчылык» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө көп узабай, кылмышка шектүү кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Аны текшерүү учурунда акча, 9 огу менен тапанча, медициналык бет кап, кол кап жана 2 бычак табылган.

24 жаштагы жигит Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле, сотко чейинки тиешелүү экспертизалар дайындалды. Анын негизинде юридикалык баа берилет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.