Бишкекте эки айдоочу жол талаша кетип, бири экинчисин атып салды

976

Окуя кечээ кечинде Ахунбаев менен Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милициядан кабарлашкандай, «Хонда фит» менен «Мерседес» унааларын башкарып бараткандар жол талаша кетип, биринчи машинанын айдоочусу экинчисине карата пневматикалык тапанча колдонгон.

Ок тийген адамдын ийни бир аз жабыркаганы кабарланууда. Тартип сакчылары экөөнү тең кармашкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет.