Бишкекте эки футбол аянтчасы ачылды (видео)

887

«Европарк» көңүл ачуу борборунда мекен коргоочулар күнүнө карата кызыктуу майрам уюштурулду. Мырзалар арасында илбирс кубогу үчүн мелдеш өткөрүлүп, кичи футбол аянтчалары ачылды. Оюн-зоокко жаш аталар балдары менен жана ага-инилер катышты. Таймаш баш-аягы үч тур менен өткөрүлүп, ар-кандай спорт оюндары менен коштолду.