Бишкекте эки милиционер 7000 сом акча алып жаткан жеринен кармалды

2868

Бишкекте эки милиционер пара менен кармалды. Колго түшкөндөр Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери экени аныкталды.

Маалыматтарга караганда, 19-февралда Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматына бир жаран кайрылган. Ал майда бейбаштык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотууну он жагынан чечип берем деп 10 миң сом талап кылып жаткан тартип сакчыларга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты «опузалап пара алуу» беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы тарабынан пара талап кылууга шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын аймагынан 7000 сом акча алып жаткан жеринен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын 2 кызматкери кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.