Бишкекте эки ун комбинаты аргасыз ишин токтотконун жарыялады

5814

Бишкекте «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» ишканалары бүгүндөн баштап аргасыз жабылганын билдиришти. Буга себеп катары ишкананалар өзгөчө абалдан улам кызматкерлеринин жумушка келе албай жатканын аталган ишканаларга ээлик кылган «Акун» компаниясы «Фейсбуктагы» баракчасында жарыялады.

«Тегирменден ун тарткан, жүктөгөн өндүрүштүн кызматкерлери кезектеги ирет жолдо коюлган блокпосттордон өтө албай калышты. Уруксат кагаздарын алуу боюнча кайрылуу өткөн жумада тапшырылганын карабастан дагы эле берилген жок жана документтер жоголуп кеткени белгилүү болду, — деп айтылат билдирүүдө. — Мындан сырткары кампаларда ун тарткан соң улпактар батпай, бул өз кезегинде өндүрүштү улантууга мүмкүнчүлүк бербей жатат».

Буга чейин Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев азык-түлүк менен камсыз кылчу өндүрүштүн кызматкерлери уруксат менен камсыз болгонун билдирген. 26-марттан баштап Казакстан Кыргызстанга ун жана буудай ташууну убактылуу чектөө койду. Бул тууралуу парламентте сүйлөп жатып вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Айына 30 миң тонна өлчөмүндө квота аныкталды. Буга чейин казак тараптан ун менен буудай чектөөсүз киргизип жаткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.