Бишкекте эки унаа кагышып, жүргүнчү аял каза болду

707

Бишкектеги 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан жүргүнчү аял каза болду. ӨКМдин маалыматы боюнча, «Мерседес-Бенц» менен «Тойота» кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1985-жылы туулган унаанын жүргүнчүсү көз жумду. Ал эми эки унаанын айдоочулары жана «Мерседестин» жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди.

Куткаруучулар каза болгон аялдын денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.