Бишкекте экологиялык абалды жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүлөт

1459

Бишкекте экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булганышын төмөндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлөт. Анын курамына мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.

Жумушчу топ эки жуманын ичинде абанын булганышынын себептерин аныктап, аны чечүүнүн жолдорун иштеп чыгышы керек. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Канатбек Муратбековдун айтымында, Бишкек шаарында экологияны бузган негизги булак катары автоунаалар аныкталган. Болжол менен 20 машинанын 16сында абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу нормадан ашат.

Мындан тышкары, борбор калаада жана анын чет жакаларында иштеген жеке мончолор да экологияны бузуп жатат, дейт адистер. Ал эми Бишкек жылуулук энерго борбору модернизациялангандан кийин зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусу төмөндөгөнү аныкталган.

Маалыматтарга караганда, баш калаада ушул күндөрү абанын булганышы нормадан 2-3 эсеге ашып кеткен. Муну асманды кара, көк түтүн каптап турганынан эле көрүүгө болот.