Бишкекте электр мамыны сүзгөн унаа экиге бөлүнүп кетти

895

Бүгүн эртең менен Бишкектин түштүк магистралында дагы бир жол кырсыгы катталды. Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги электр мамыны сүзгөн. Жыйынтыгында машина экиге бөлүнүп кетти.

Бишкек шаарынын жол кыймылынун коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү берген маалыматына ылайык, айдоочулар оор жаракат алышкан жок. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.