Бишкекте эң мыкты биснес-долбоорлор аныкталды (видео)

1121

АКШнын Калифорния штатында өтө турган «World Cup 2018 Enactus» Эл аралык мелдешинде Кыргызстандын атынан Кыргыз Улуттук университетинин Enactus командасы катыша турган болду. Өткөн дем алыш күндөрү «Enactus Кыргызстан — 2018» Улуттук мелдешинде, аталган окуу жайдын студенттеринин биснес-долбоорлору эң мыкты деп таанылды. Сынакка өлкө боюнча 33 команда катышты. Алдыңкы ишкерлерден турган калыстар тобунун сынынан жалпысынан 40 бизнес-долбоор өттү. Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаттарынын бири — социалдык ишкердикти өнүктүрүү. Муну ишке ашырууда эл аралык эмгек уюму финансылык жана техникалык жардам көрсөткөн.