Бишкекте эркектердин саламаттыгын акысыз текшерүү жумалыгы башталды

771

Ага ылайык, каалоочулар 23-октябрдан 1-ноябрга чейин Улуттук госпиталдын Тоголок Молдо жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Урология борборунан андролог, уролог адистердин кеңешин ала алышат. Текшерүү эртең мененки саат 9дан тарта түштү саат 3кө чейин жүргүзүлөт.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, акыркы мезгилде эркектер арасында тукумсуздук илдети көбөйүп баратат. Ал эми атайын иликтөөлөрдүн негизинде жашы 50дөн өткөн эркектердин 10 пайызга жетпегени гана медиктерге кайрылары аныкталган.