Бишкекте этно-шаарча курулду (видео)

1296

Баш калаанын чок ортосунда көчмөн кыргыздардын жашоосун чагылдырган айыл пайда болду. Этнографиялык шаарчада 20дай боз үй тигилип, алардын ичи байыркы үй-буюмдарына толтурулган. Ал эми сыртта бир кылым мурдагы идиш-аяктарды кездештирүүгө болот. Көргөзмө «Кыргыз көчү» деп аталат. Иш чаранын алкагында «Мыкты боз үй» конкурсу өткөрүлүп жатат. Кароо-сынак үчүн өлкөнүн ар аймагынан алып келинген боз үйлөр тигилген. Мунун баары дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалынын алкагында уюштурулууда. Ага онго жакын улуттун өкүлдөрү катышып, кыргыз аудиториясына өз элинин оозеки чыгармаларын тартуулашат.