Бишкекте эвакуатор автоунааны жүктөп жатып, түшүрүп алды

804

Бишкекте эвакуатор туура эмес жерге токтотулган автоунааны жүктөп жатып, түшүрүп алды. Машинаны көтөрүп жатканда дөңгөлөккө тагылган аркандардын бири үзүлүп кеткен.

Окуя Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Туура эмес жерге токтотулган «Лексус-300» үлгүсүндөгү автоунааны эвакуаторго жүктөп жатканда машина түшүп кетип, унаанын алдыңкы жана арткы капталдары мыйрыйып калган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашкандай, машинанын ээсине чыгымды эвакуациялай турган компания төлөп бериши керек. Бул үчүн мыйрыйган унаанын кожоюну фирмага арыз жазып же сотко кайрылуусу зарыл.

Белгилей кетсек, Бишкекте 9-январдан тарта ой келди токтотулган унааларды мажбурлап эвакуациялоо жүрүп жатат. Бул боюнча тендер өткөрүлүп, «Портал Групп» компаниясы жеңүүчүсү деп табылган.