Бишкекте газ менен иштей турган автобустар каттамга чыгат (видео)

856

Газ менен иштей турган автобустар Бишкек шаарынын күнүнө карата 29-апрелде каттамдарга кое берилет. Жаңы транспортторду президент Сооронбай Жээнбеков көрүп чыгып, электрондук билет схемасы менен таанышып, автобустардын айдоочулары менен маектешти. Өлкө башчы муну менен кирешени көбөйтүп, борбордук автопаркта экологиялык жактан таза транспорттордун санын арттырууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн билдирди.

Анын айтымында, бул чаралар өлкөдө экологиялык маселелерди чечүү жана шаар тургундарына жакшы шарттарды түзүү үчүн абдан маанилүү. Буга чейин эле мамлекет башчы айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген коомдук транспортторду алуу боюнча калаа жетекчилигине тапшырма берген. Мындан улам жалаң газ менен жүрүүчү 60 автобус алынган.