Бишкекте Гепатит “А” илдетине чалдыккан адамдардын саны 767ге жетти

994

Быйыл жыл башынан бери Бишкек шаарында эле Гепатит “А” илдетине чалдыккандардын саны 767 адамга жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык Санитардык көзөмөл борбору билдирди. Бул ооруга чалдыккандардын 70 пайызын, же тактап айтканда 536сын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Алардын көпчүлүгү мектеп окуучулары болсо, калганы бала бакчада тарбиялангандар.

Адистердин айтымында, буга билим берүү мекемелеринде тамак-аш даярдоодо гигиеналык жана санитардык нормалардын сакталбаганы жана балдардын өтө көптүгү себеп болууда. Андыктан алар ата-энелерди жана бакчалардын, мектеп жетекчилерин санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо керектигин эскертишүүдө.

Тиешелүү мекеме бул эрежелерди сактабаган 105 мекемеге айып салып, 217сине эскертүү берген. Белгилей кетчү нерсе, Гепатит илдети адамдын боорун жабырката турган оору. Анын вирусу өтө күчтүү келип, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алгандыгы менен кооптуу.