Бишкекте ичи өткөндөр көбөйүүдө (видео)

782

Күндүн ысышы менен тамак-ашка ууланып, курч мүнөздөгү ичеги-карын оорулары менен бейтапканага кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасына бир күндө эле 80ге жакын оорулуу кайрылган. Алардын 37си ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ал эми жыл башынан бери тамак-ашка ууланган 13 учур катталып, 245 адам жабыркаган. Мындан улам, адистер көчөдөн азык сатып алып жегенден карманууга чакырышууда.