Бишкекте интернет-сойкулук менен алектенген 30 студент кыз кармалды

2353

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Милицияга «28 жаштагы жаран калаадагы үйлөрдүн бирине интернет аркылуу интим кызмат көрсөтүүнү уюштуруп алгандыгы» тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү үй тинтүүгө алынганда, жогорку окуу жайларда окуган 30га жакын студент кыз кармалып, веб-камералар, 16 компьютер жана башка буюмдар табылган.

Кармалгандардын баары милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бул боюнча «порнографиялык буюмдарды даярдоо жана сатуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Ушуну менен быйыл жыл башынан бери эле интернет-сойкулукка тартылган 64 кыз-келин каттоого алынууда. Интимдик кызмат уюштургандарга каршы кылмыш-жаза кодексинде атайын беренелер каралган. Ал эми денесин сатып акча тапкандарга каршы мыйзамдуу жаза жок.