Бишкекте ири өлчөмдөгү акча уурдоого шектүү кыз кармалды

806

358 миң рубль акча уурдаган деп шектелген 28 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, быйыл 20-июль күнү Свердлов райондук милиция бөлүмүнө бир жаран кайрылып, калаадагы базарлардын биринен анын баштыгынан ири өлчөмдөгү акча уурдап кеткенин айтып, арыз жазган. Бул боюнча «уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделе баштаган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында 1991-жылы туулган шектүү кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кошумча тергөө иштери жүрүүдө. Тартип сакчылары шектүүдөн жапа чеккендер болсо, же кандайдыр бир маалыматтарга ээ болушса — жарандарды милициянын тиешелүү бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.