Бишкекте ишканаларды тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды

685

5 киши борбор калаадагы компаниялардын кеңселерин карактап келишкен. Милицияга менчик ишканалардын биринин жетекчиси арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 13-ноябрь түнү компаниянын кеңсесине белгисиз кишилер кирип, 500 миң сомдон ашык акчасын, мөөр, керектүү документтерди карактап кеткен. Иш козголуп, кылмышка шектүүлөргө издөө жарыяланган.

Ал эми 18-ноябрь түнү насыя берүүчү компанияны карактоо учурунда 5 киши кармалып, алардын буга чейинки кылмышка дагы тиешеси бар экени аныкталган. Шектүүлөр 2 айга камакка алынды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.