Бишкекте иске ууланган бир туугандардын экөөсүнүн абалы оор

894

Бишкектин жанындагы жаңы конушта иске ууланган бир туугандардын экөөсүнүн абалы оор бойдон калууда. Эки жаштагы бала өзүнө келип, ага-инисине караганда абалы жакшы.

Эскерте кетсек, 11-февралда Келечек жаңы конушунда турак жай өрттөнүп, үйдө уктап жаткан үч бир тууган иске катуу ууланып калган. Ал кезде атасы жумушка, апасы ооруканага кеткен. Тамы толугу менен күйүп кеткендиктен, учурда бул үй-бүлөнүн бараарга жери жок. Укук коргоочулар материалдык жардам көрсөтүү үчүн коомчулукка кайрылууда.

Ал эми социалдык өнүктүрүү министрлиги бул үй-бүлөнү жакыр жашагандардын тизмесине киргизген. Эми мамлекет тарабынан балдарга жөлөк пул бериле баштайт.

Ошондой эле, өкмөт 100 миң сом бөлдү. Буга байланыштуу документке премьер-министр кол койгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.