Бишкекте “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аталышындагы конференция өтүп жатат

1355

Кыргызстанда Ислам Академиясын түзүп, анын ишин мамлекет көзөмөлгө алышы керек. Учурда Бишкекте “Ислам азыркы светтик мамлекетте” деген аталыштагы экинчи Эл аралык конференция өтүп жатат. Анда сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков, диндин коомго тийгизген жакшы жактарын белгилеп, бирок исламды жамынгандар динди жаман көрсөтүп жатканына токтолду.

Ошондой эле, мамлекет жетекчиси Кыргызстан динден тышкары өлкө болгону менен дин саясатын ишке ашыруу зарыл экенин айтты. Келечекте мамлекеттин көзөмөлү астында Ислам Академиясын түзүү керек деди президент.

Эл аралык жыйынга Америка, Азия, Африка жана Европа өлкөлөрүнүн дин иштери боюнча органдарынын жетекчилери, чет элдик жана жергиликтүү эксперттер, ислам таануучулар катышууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.