Бишкекте Ислам финансылык борбору ачылды (видео)

1244

“Бакай Банкында” Ислам финансылык борбору ачылды. Анда кардарлар пайызсыз насыя алып, өз муктаждыктарына пайдаланса болот. «Ислам финансылык борбору» кардарларды шарият стандартына ылайык каржылоо принциптерине ылайык тейлейт. Аталган борбор бардык тиричилик техникаларынан тарта автоунаа, турак-жай сыяктуу мүлк сатып алуу жана бизнес ачууга чейинки муктаждыктарды каржылайт. Насыя алуунун шарттары өтө жөнөкөй. Ал үчүн кардарда тийиштүү документтер жана насыяны төлөө жөндөмдүүлүгүн тасыктаган кагаз болуусу шарт.