Бишкекте иттерге мойнуна таккычтарды акысыз берүү сунушталууда

5200

Бишкекте иттердин ээлерине биркалар менен мойнуна таккычтарды акысыз берүү сунушталууда. Мэриядан билдиришкендей, жарык чагылдыруучу мындай таккычтар үй жаныбарын түнкү маалда көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Муну менен бирка иттин кожоюну бар экенинен, анын жолбун эмес экенинен, атууга болбой турганынан кабар берет.

Мойнуна таккычтарды алууну каалагандар Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча шаардык инспекциядан алып кетсе болот. Ордо калаадагы иттердин ээлерине биркалар менен мойнуна таккычтарды акысыз берүү эхинококкоз илдетин алдын алуу жана жаныбарларга аяр мамиле жасоо, үй жаныбарларын каттоого алуу үчүн жасалып жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.