Бишкекте ЖККУнун кезектеги сессиясы башталды

6445

Учурда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министринин катышуусунда уюмдун кезектеги сессиясы өтүүдө.

Кыргызстан төрагалык кылган 2019-жылы уюмда коопсуздук маселелерине, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылык берилди.

Бүгүнкү жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланып, кийинки жылга карата бюджети бекитилиши күтүлүүдө. Самиттин жүрүшүнө биздин кабарчылар да көз салышууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.