Бишкекте Жусуп Абдрахманов тууралуу тартылган тасманын бет ачары болот

1945

Бүгүн белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу тартылган толук метраждуу даректүү тасманын бет ачары болот. Тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаровдун айтымында, Абдрахманов тууралуу материалдар дээрлик бир жылга чукул убакыттан бери Москва, Алматы, Ташкент жана Кыргызстандын архивдеринен чогултулуп, тасманын сценарийин Бакыт Орунбеков жазган. Даректүү фильм жалпы көрүүчүлөргө ушул ишембиден тарта көрсөтүлө баштайт.

Жусуп Абдрахманов 1920-жылдары Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп иштеп, ал Кыргызстандын союздук жумурият макамын алышына өзгөчө салым кошкон. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге ачык сын айткан. 1930-жылдары ал жапырт ачарчылыкка дуушар кыла турган иш пландарына Кыргызстанды киргизбей коюуга жетишкен.

Жусуп Абдрахманов «контрреволюциячыл жана улутчул» деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атууга кеткен. Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандардын бири катары Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орду бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.