Бишкекте кайрадан кыз ала качуу фактысы катталды

2185

Бул маалыматты Бишкек шаардык милициясы тастыктап, окуя кечээ кечинде Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде болгону белгилүү болду. Анда топтошкон балдар күч колдонуу менен бир кызды унаага салып, ала качууга аракет кылышкан.

Бирок ошол жердеги бир нече айдоочу кызга жардамга келип, аны уурдап кетүүгө жол беришкен эмес. Күбөлөр милиция чакырып, тартип сакчылары окуя болгон жерге барып, кызды ала качууга шектелген 21 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну жана 28 жаштагы адам кармалган.

Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин «аялды никеге туруу үчүн аны ала качуу» беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.