Бишкекте каракчылыкка шектүү делген жарандар кармалды

4338

Калаа милициясынан кабарлашкандай, бир нече шаар тургуну 13-ноябрда арыз менен кайрылган. Алар Павлов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр кол салганын билдиришкен. Арасында 2 кыз да болгону маалым болгон. Алар жабырлануучунун бутуна бычак сайып, эки телефонун тартып алышкан.

Ушундай эле арыз 16-ноябрда да келип түшкөн. Анда Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде шектүүлөр окуучу кыздын телефонун тартып алышыптыр. Алар өспүрүмдү сабап, бычак менен коркутушкан. Андан соң ал жерден изин жашырышкан.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу 4 шектүүнү кармап, аларды эки айга камакка алды. Алардын улуусу 20 жашта болсо, кичүүсү 17 жашта экени белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.