Бишкекте карызын төлөбөгөн 1800 абоненттин электр жарыгы өчүрүлдү

725

Бүгүн «Түндүк электр» ишканасы бересеси барларга электр энергияны берүүнү дистанциондук түрдө токтотту. Бул абоненттердин баарынын карызы биригип 8,5 млн сомдон ашат.

Акылдуу эсептегичтер электр жарыгын алыстан эле өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер кардарлар карызын төлөсө, электр кубаты кайра дароо автоматтык түрдө туташтырылат.