Бишкекте кездеме саткан дүкөн күйүп кетти

1284

Бишкекте Элебесов көчөсүндөгү кездеме саткан дүкөн күйүп кетти. Өрт өчүрүү кызматына кырсык тууралуу маалымат кечки саат 10 го жакын түшкөн. Окуя болгон жерге 4 бригада тартылган.

Маалыматтарга караганда бул жакта кездеме саткан дүкөн жана кийим сактоочу кампа жайгашкан. Тилсиз жоо түнкү саат 11 жарымдарда чектөөгө алынып, таңга маал 5де гана толук өчүрүлгөн.

Үч кабаттуу дүкөн контейнерден курулган. Өрт эмнеден улам келип чыкканы такталууда. Ошондой эле, келтирилген чыгым эсептелүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.