Бишкекте кийим-кече сакталган кампа күйүп кетти (видео)

813

Бишкек шаарынын түндүк тарабында 3 кабаттуу мейманкана жана кийим-кече сакталган кампа толугу менен күйүп кетти. Кырсык түнү болуп, алоолонгон отту таң эрте гана өчүрүүгө мүмкүн болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жалын 900 чарчы метр аянтты каптаган. Учурда экспертиза иштери жүрүп жатат. Кырсык келтирген материалдык зыян жана өрт эмне себептен тутанганын адистер изилдеп, тактап жатышат.