Бишкекте кийиз, шырдак жасоонун сырлары үйрөтүлөт (видео)

3426

Бишкекте 3 күн бою кийиз, ала кийиз, шырдак жасоонун сырлары үйрөтүлөт. Бул үчүн өлкөнүн аймактарынан 7 уз чакырылган. Иш чаранын жүрүшүндө коноктор жүндү сабоодон баштап, аны боёп, чийге ороп тээп, даяр кийизге айланганына чейинки аракеттерди көрө алышат.
Каалоочулар ишке аралашып, чеберлердин тажрыйбасын үйрөнсө да болот. Уюштуруучулардын айтымында, муну менен салттык кол өнөрчүлүктү муундан муунга өткөрүү максат кылынган. Ошондой эле, иш чаранын жүрүшүндө даяр жасалгалардын көргөзмөсү да ачылды.