Бишкекте кинотеатр менен фудкорттор ачылды (видео)

4251

Беткапсыз, дене табын текшербей туруп кардарларды кабыл алган кинотеатрлар, фудкорттор жана оюн-зоок жайлары кайрадан жабылат. Белгилей кетсек, Бишкекте карантинге жабылган коомдук жайлар иштей баштады.

Иштелип чыккан алгоритимге ылайык, кире бериштерге санитайзерлер орнотулуп, жарандар шахмат тартибинде отургузулуп, ал жайлар ар 15 мүнөт сайын желдетилип турууга тийиш.

Айрымдары күн мурунтан даярдык көргөндүктөн дароо эле кардарларын кабыл алып башташса, кээ бирлери имараттарын эми гана санитардык талаптарга ылайыктап жатышат.