Бишкекте КМШ мугалимдеринин V съезди өтүп жатат (видео)

834

Бишкекте Шериктештик өлкөлөрүнүн билим берүү тармагынын кызматкерлеринин V съезди башталды. Ага жалпысынан 400дөн ашуун адам катышып жатат. Иш-чаранын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, «Билим берүү туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы экенин жана глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере ала турганын баса белгиледи.

Ошондой эле, Шериктештик өлкөлөрү дагы да болсо дүйнө элдеринин эң билимдүү бөлүгү экенин айтты. Педагогдордун курултайы 2 күнгө уланып, анда билим берүүнүн сапаты талкууланып, тажрыйба алмашуулар болот.