Бишкекте көңүл ачуучу жайдын алдында массалык мушташ катталды

847

Бишкектеги көңүл ачуучу жайлардын бирине жакын жерде массалык мушташ катталды. Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, окуя 3-февраль күнү түнкү саат 2-3 ортосунда болгон. Ондогон бала жабылып калган эс алуучу жайдын алдында эки жаат болуп мушташкан.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматы боюнча, бул окуяны Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иликтей башташты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.