Бишкекте коомдук транспортко болгон жол кирени жогорулатуу демилгеленүүдө

701

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары калаада жол кирени кымбаттатуу керек дешет. Павел Десятниковдун айтымында, коомдук транспортто тариф жогорулатылбаса, жакынкы күндөрү жүргүнчүлөрдү эч ким ташыбай, көчөдө калышат. Анткени жеке менчик компаниялардын иши токтоп калат экен. Эл өкүлү 3 жыл сайын жол кирени которуп турса жакшы болот деп эсептейт.

Буга чейин, маршруттук таксилердин айдоочулары дагы тарифти жогорулатуу маселесин көтөрүп келишкен. Айрым маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компаниялардын ээлери шаардык кеңештин депутаттары жана мэрияда иштегендер.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.