Бишкекте коомдук транспортту электрондук билетке өткөрүү пландалууда

751

Бишкекте коомдук транспортту электрондук билетке өткөрүү үчүн ноябрда тендер жарыяланат. Мэриядан кабарлашкандай, долбоорду ишке ашыруу менен жүргүнчүлөрдүн жана жеңилдик алгандардын чыныгы санын аныктоого мүмкүнчүлүк ачылат.

Биринчи этапта борбор калаадагы 160 троллейбус менен 120 автобусту электрондук билетке өткөрүү пландалууда. Андан кийин, маршруттук таксилерге киргизилет. Смарт карталарды сатуу боюнча Бишкекте 200гө жакын түйүн ачылат. Электрондук билет менен пенсионерлер айына 60 жолу бекер жүрө алат. Мектеп окуучуларына 200 сом, студенттерге 350 сомдон болуп, башка жарандарга 100 жол кирелик билет — 500 сомго сатылат.

Муну менен жөнөкөй жол кирени жогорулатуу каралууда. Электрондук билетти киргизүү менен жылына 507 миллион сом чогултуу пландалууда. Азыр түшкөн каражат 190 миллион сомду түзөт.

Бул тууралуу кенеңирээк маалыматты НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.