Бишкекте коомдук жайлар дезинфекцияланууда (видео)

2087

Коронавирустун алдын-алуу үчүн Бишкек шаары боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган 140 автобус жана 2 миңдей маршруттук таксинин салондору дезинфекцияланууда. Айрым айдоочулар бул үчүн күнүнө 91 сом төлөп жатканын айтып чыгышты.

Бирок Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору муну четке какты. Санитардык тазалоо иштери мектептерде, ооруканаларда, соода түйүндөрдө, базарларда акысыз жүргүзүлүп жатканы айтылууда.