Бишкекте көп кабаттуу 20 турак-жай түрттүрүлүшү ыктымал (видео)

4286

Бишкекте курулган көп кабаттуу 20 турак-жай түрттүрүлүшү ыктымал. Мамлекеттик экотехинспекциясы бул имараттар мыйзамсыз салынгандыгын жүйөө келтирип, сотко кайрылган. Биринчи инстанциялык соттун чечими менен айрым курулуштар түрттүрүлөрү белгилүү болду. Бул тизмеге кирген Ленин районунун Тимур — Фрунзе көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу турак-жайдын тургундары болсо мындайга кандай гана болбосун жол бербей турганын билдиришүүдө.

Айтымдарында алар батирлерди таман акы, маңдай тер менен тапкан каражаттарына сатып алышкан. Ал эми турак-жайды салган курулуш компаниясынын дайыны жок. Анын жетекчиси 2018-жылы эле камакка алыныптыр. Талаптарды бузуу менен салынган турак-жайлар жана андан жапа чеккен тургундардын көйгөйлөрү…