Бишкекте көп кабаттуу турак-жай түрттүрүлүшү мүмкүн (видео)

587

Бишкекте көп кабаттуу турак-жай түрттүрүү коркунучунда турат. Бирок бул объект Ош шаарындагыдай бүтө элек эмес, эл жашап жаткан үй. Батирлерди мындан бир нече жыл мурда сатып алган миңге жакын тургун үй-жайсыз калышы мүмкүн.

Ордо калаанын так ортосундагы турак-жайда 100гө чукул үй-бүлөнүн азыркы тапта тийиштүү документтери жок. Буга Бишкек Башкы архитектура уруксат бербей жатканы себеп болууда. Мындан улам, турак жай ээлери нааразычылык акциясына чыгышкан.