Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунун ичи оңдолууда

1036

Өлкөдөгү эң чон спорт комплекстеринин бири делген Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун ичи оңдолуп-түзөлүүдө. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Мында концерттик залдын полу жана 3 миңге жакын орундугу жаңыланып, сахнанын көшөгөсү алмаштырыла турган болду. Ошондой эле спорт сарайдын фойесинин дубалында атактуу спортчулардын сүрөттөрү коюлат.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 45 жылдан бери тыңгылыктуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул аренада эл аралык коноктордун катышуусундагы ири масштабдагы спорт мелдештери жана салтанаттуу аземдер болуп турганына карабастан, отургучтар талкаланып, сахна жана интерьердин эскилиги жеткени тууралуу көптөгөн сын-пикирлер айтылып келген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.