Бишкекте көзү азиздер үчүн 3 айлык курстар ачылды (видео)

4554

Бишкек шаарында көзү азиздерди окутуу үчүн мектеп ачылды. 3 айга созулган курста Брайл алфавити гана окутулбастан, компютердик программалоо жана коомго ыңгайлашып жашоо ыкмалары да үйрөтүлөт.

Негиздөөчүлөрдүн айтымында, окуучулардын жашына чек жок жана тарбиялануучулар 3 ай бою жатакана, тамак-аш менен бекер камсыз болушат. Жаңы ачылган окуу жайында азырынча эркектердин гана тайпасы билим алып жатыптыр. Жакында аялдар үчүн өзүнчө топ түзүү пландалууда.