Бишкекте кудуктун капкактарын уурдагандар көбөйдү (видео)

2254

Бишкек шаарында жыл башынан бери 800дөй кудуктун капкагы уурдалды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 200гө көп. Калаа бийлиги жолдогу кудуктардын капкактарын уурдап жаткандарды таап, чара көрүү өтүнүчү менен милицияга бир канча жолу кайрылган. Бирок жыйынтык чыккан эмес. Бир дагы бейбаш кармалбаптыр.

Адистердин айтымында, уурдалган мүлктөрдүн жалпы суммасы 2 миллион сомго жетет. Буга чейин жолду салган кытайлык компания кайра орнотуп берсе, эми жоголгон капкактардын орду Бишкек мэриясынын бюджетинин эсебинен калыбына келтирилет. Маалыматтар боюнча, борбор калаада 50 миңдей кудук темир капкак менен жабылган.