Бишкекте кум ташып бараткан жүк ташуучу унаа аласалды

694

Ага чейин, ал дагы эки автоунааны сүзгөн. Окуя бүгүн түшкө маал Гагарин менен Бах көчөлөрүнүн кечилишинде катталды. Кырсыктан 4 адам жабыркады, анын бирөө бала. Жаракат алгандардын биринин абалы оор бойдон калууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калып, алгач эки автоунааны сүзүп, андан ары баратып аласалып кеткен.