Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты башталды

935

Бишкекте 19 өлкөнүн балбандары чогулушту. Бүгүн борбор калаада күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты башталды. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчулар арасында 30 топтом медал ойнотулат.

Мындай иш чара Олимпиада, дүйнө чемпионатынан кийинки эле үчүнчү чоң мелдеш болуп эсептелинент. Аны өткөрүү Кыргызстанга ишенип берилгендиктен Азия биринчилиги жогорку деңгээлде болот, дейт уюштуручуулар. Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты бизде экинчи ирет өтүп жатат.

Буга чейин мындай спорттук иш-чара 2007-жылы болгон. Бул жолу мелдештер 4-мартка чейин уланат. Анда жалпысынан 300дөн ашуун спортчу күч сынашат.