Маккейб укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иштөө стандартын өзгөртүү аркылуу жаза өтөө жайларындагы өлүмдү азайтууга салым кошкону белгилүү. Азамат Шамбилов кыйноону алдын алуу боюнча Кыргызстанда киргизилип жаткан Европанын ыкмалары тууралуу айтып берет.
Иш-чараны кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор эл аралык уюмдар менен тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте уюштуруп жатат. Ага Жаза аткаруу кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Акыйкатчы институтунун жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышат.
«Кыйноолорго каршы коалициясы» бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда, 2016-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда 1140 киши кыйноого кабылганын айтып кайрылган. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн белгилешкен.
Ноябрда Кыйноолорнун алдын алуу боюнча улуттук борбор жыл башынан бери бул мекемеге 250гө жакын арыз-даттануу түшкөнүн билдирген. Анын 100дөн ашыгы кыйноо фактысы боюнча арыздангандар. Ушул эле борборго 2017-жылы 200дөй арыз түшсө, анын 100гө жакыны кыйноо боюнча болгон.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.