Бишкекте кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес-форуму өттү (видео)

784

28 жылдын ичинде Түркия Кыргызстанга 600 миллион доллардан ашык инвестиция салды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан-Түркия ишкерлеринин башын бириктирген бизнес-форумда билдирди. Мамлекет башчынын маалыматына караганда, былтыр Түркиядан Кыргызстанга 93 миллион доллар инвестиция келген.

Ошол эле убакта, президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн ортосудагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатканын айтып, бул багыттагы иш-аракеттерди күчөтүү зарыл экенин баса белгиледи.