Бишкекте «Кыргызстан» партиясынын курултайы өттү (видео)

495

“Кыргызстан” партиясынын лидери болуп кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев шайланды. Саясий бирикменин 6-курултайына миңден ашуун делегат катышты. Жыйынга келгендер бир добуштан партиянын жетекчилигине Канат Исаевди тандап алышты.

Съезддин жүрүшүндө төрагылыкка парламенттин спикери Дастан Жумабеков менен депутат Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги да сунушталды. Бирок экөө тең бул кызматтан баш тартышты.